Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Латвия армяндардын кыргынын "геноцид" деп тааныды


Латвия
Латвия

Латвия Осмон империясы учурундагы армяндарга карата кыргынды «геноцид» деп тааныды.

Документти Латвия парламенти-Сеймдеги 100 депутаттын 58и колдоду.

Декларация парламенттеги Жаңы Консервативдик партиядан депутат Юрис Юрашстын демилгеси менен даярдалган. Латвия парламенти эл аралык коомчулукту бул тарыхый окуяга баа берип, келечекке көз чаптырууга чакырды. Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Латвия парламентинин бул чечимин сынга алды.

“Бул мыйзамсыз чечимди чечкиндүү түрдө айыптайбыз жана четке кагабыз”-деп айтылат Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

24-апрель армян элинин геноцидге кабылган күнү катары
эскерилип келет. Алар «1915-жылы ушул күнү Осмон империясы армяндарды тукум курут кылган жана 1,5 миллиондой киши кырылган» деп эсептешет. Түркия «геноцид» деген аныктаманы четке кагып, тарыхчылар 1,5 миллион армян өлгөн деп ашыра айтышарын, андагы адамдардын көбү ачарчылыктан мерт болгонун жана кагылышта эки тараптан тең адамдар кырылганын жүйө кылат.

Буга чейин дүйнөдөгү отузга жакын өлкө бул окуяларды "геноцид" деп тааныган. АКШ президенти Жо Байдендин быйыл 24-апрелде бул окуяларды "геноцид" деп аташы түрк бийлигинин нааразылыгын жараткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG