Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Венада өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөр башталды


Австриянын борбору Венада өзөктүк келишимге АКШнын кошулуусуна багытталган сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасы башталды. Ага 2015-жылдагы өзөктүк келишимге кол койгон Иран жана Британия, Германия, Франция, Кытай, Орусиядын өкүлдөрү катышууда.

Буга чейин сүйлөшүүгө катышып жаткан Германиянын, Франциянын жана Британиянын дипломаттары иш абдан жай жүрүп жатканын айтышкан. Венадагы сүйлөшүүлөрдө негизги максат АКШнын Иранга санкцияларын алып, Тегеран өзөктүк келишимдин шарттарын аткарышы үчүн жол картаны түзүү.

2015-жылы Иран дүйнөнүн алты державасы менен өзөктүк программа боюнча келишимге кол койгон. Ага ылайык, Тегеран уранды байытууну 3,67% өткөрбөөгө милдеттенме алган. Ал эми АКШ баш болгон өлкөлөр Тегеранга салынган санкцияларды жеңилдете баштаган. Бирок 2018-жылы бул келишимден Кошмо Штаттардын ошол кездеги президенти Дональд Трамп бир тараптуу чыгып кеткен соң Иран уранды байытууну жандантканын жарыялаган.

АКШда быйыл жыл башында президент болгон Жо Байден бул келишимге кайтып келүү тууралуу каалоосун билдирген соң сүйлөшүүлөр кайрадан жанданган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG