Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Түркия: кримтөбөл казак кыздын өлүмү үчүн депутатты айыптады


Түркия.
Түркия.

Мындан үч жыл мурун Түркиянын Элазы шаарындагы Фырат университетинин журналистика факультетинде окуган казакстандык Элдана Кахарман батиринде муунуп каза болгону кабарланган. 21 жаштагы студент кыз Элазыдагы менчик телеканалда иштеп, "Ютубда" видеоблог тартчу.

6-майда түркиялык кримтөбөл, ушул тапта четте бозгунда жүргөн Седат Пекер "Ютуб" каналында видео жарыялап, анда казакстандык студенттин өлүмүнө бийликтеги АК партиянын депутаты Толга Агар күнөөлүү экенин айтып чыкты.

"Толга Агардын кыргыз же казак улутунда сүйлөшкөн кызы болгон. Ал кыз " Толга Агар мени зордуктады" деп арыз жазган. Кийин ал кызды тик учак менен алып кетишет. Эртеси күнү кыздын сөөгү табылат. Ал жакта байкуш кыз өлдү, бирок эч ким оозун ачкан жок", - деди Пекер.

Түрк полициясынын башкы командачылыгы, ошондой эле Түркиянын Ички иштер министрлиги айыптоолорду "жалаа жана куру доомат" деп мүнөздөдү.

Ал арада депутат Толга Агар билдирүү жасап, казакстандык кыздын өлүмү боюнча сот жараяны аяктаганын айтты.

"Уюшкан кылмыштуу уюм түзгөн" деген айыпталган түркиялык кримтөбөл Седат Пекер буга чейин ушул эле берене менен соттолгон. Ал 2014-жылы абактан чыккан.

Быйыл апрелде Седат Пекер баш болгон 63 адамга каршы атайын операция уюштурулуп, Стамбул, Анкара, Кожаели, Трабзон жана Хатай шаарларында 121 даректе тинтүү жүргүзүлүп, ондогон шектүү кармалган.

Чет өлкөдө экени аныкталган Седат Пекерге түрк полициясы эл аралык издөө салган. Айрым божомолдорго караганда Пекер учурда Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында жашайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG