Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

Укуктук жардам берчү 115 тынымсыз байланыш кызматы кеңейтилет


Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун USAID менен кызматташтыкта 115 тынымсыз байланыш телефону аркылуу акысыз юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Бул тууралуу аталган уюмдардан кабарлашты.

Эки жылдык өнөктөштүктүн алкагында, USAIDдин "Жигердүү жарандар" долбоорунун жардамы менен Акыйкатчы институту Бишкекте үч, Ошто эки адис-юристтерди жумушка алат. Алар 115 тынымсыз байланыш телефону аркылуу элге акысыз юридикалык кеңештерди беришет жана Институттун бул багыттагы ишин күчөтөт.

"USAID Акыйкатчы институту менен биргеликте тынымсыз байланыш телефону аркылуу көрсөтүлгөн юридикалык кызматтардын санын жана сапатын жогорулатуу боюнча өнөктөштүгү менен сыймыктанат. 115 ишеним телефонун чыңдоо жана жайылтуу жаатындагы кызматташтыгыбыз Кыргызстандын ар бир жараны юридикалык консультация ала алышы үчүн биргелешкен иш-аракеттерибизде жаңы баракты ачат", – деди USAIDдин Кыргызстандагы башчысы Алдер Бартлетт айым.

Омбудсмен Токон Мамытов бул аракет жарандардын укуктун сабатын арттырууга салым кошоруна ишенерин айтты.

Акыйкатчынын 115 тынымсыз байланыш номуру кыргызстандыктар жер талаштары, жарандык укуктар, укуктук макам, үй-бүлө маселелери сыяктуу көптөгөн маселелер боюнча акысыз кеңештерди алса болот.

2015-жылы балдардын укугун коргоо кызматы катары ачылган бул байланыш номуру учурда адам укуктарынын бардык маселелери боюнча юридикалык жардам көрсөтө баштаган. Расмий маалыматка ылайык, жыл сайын бул ишеним телефону өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө жарандардан 8 миңге жакын чалууларды кабыл алат.

Мындай кызматтын ролу COVID-19 пандемиясынын тушунда күчөп кеткен үй-бүлөлүк зомбулук же эмгек мамилелери сыяктуу адам укуктары жаатында пайда болгон көптөгөн көйгөйлөр учурунда өзгөчө мааниге ээ болгоун баяндамаларда белгиленген.

"Жигердүү жарандар" долбоору АКШнын АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланып, FHI 360, ACTED жана "Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери" коомдук бирикмеси аркылуу жүзөгө ашырылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG