Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

"Акыйкатчы 115" аттуу чат бот иштей баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Акыйкатчы 115" чат боту "Телеграмм" тиркемесине камтылып, каалаган адам ал аркылуу Омбудсмен институтуна кайрыла алышат. Ошондой эле чат бот аркылуу юристтерден да онлайн кеңешме алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Долбоорду Омбудсмен институту жана Юридикалык клиникалар биримдиги чогуу ишке ашырган.

Юридикалык клиникалар биримдигинин адиси Наргиза Жеңишеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, алыскы аймактардын тургундары да акыйкатчыга бул чат бот аркылуу кайрыла алышат:

"Мисалы, Чаткалда же Ак-Талаада жашаган адам укугу бузулуп, акыйкатчыга кайрылгысы келсе, "Телеграмм" каналы аркылуу "Акыйкатчы бот" деген сөздү жазса, ал орус жана кыргыз тилинде ачылат. Ал жерде тематикага жараша суроо-жооптор чыгат. Чат боттун "онлайн кабылдамасы" аркылуу да акыйкатчыга арыз калтырууга же юристтерден кеп-кеңеш алууга болот. Кызматы акысыз".

Бул чат бот аркылуу кайрылган адамдар суроосуна алган жоопторго баа берүү мүмкүнчүлүгүнө да ээ боло алышат.

"Акыйкатчы 115" чат боту ПРООНдун каржылык колдоосу аркылуу ишке ашырылууда.

Өлкөдө 2020-жылы март айында башталган коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген карантин учурунда зомбулук 65% көбөйгөн.

ИИМдин маалыматына караганда, былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 9025 факты катталып, анын 10% гана сотко өткөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG