Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Зулушев: Бакиевдерди Кыргызстанга алып келүү аракети жүрүп жатат


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев мурдагы президент Бакиев жана жакындарынын ишин эске салды. Башкы прокурор Курманкул Зулушев депутаттын суроолоруна жооп берип жатып, аларды Кыргызстанга алып келүү аракети жүрүп жатканын билдирди.

“Башкы прокуратуранын Эл аралык бөлүмү бул жаатта иш жүргүзүп жатат. Беларус Бакиевдерди өткөрүп берүүдөн баш тарткан. Бул конвенция менен чечилет экен. Ал ар бир өлкөнүн өз эркине жараша чечилет экен. Бирок прокуратура буга ишке байланыштуу чоң иштерди аткарууда”.

2010-жылдагы кандуу Апрель окуясына байланыштуу баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою эркинен ажыратылууга кесилген. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон. Аларга сот чечими сыртынан чыккан. Күнөөлүүлөрдү Кыргызстанга экстрадициялоо аракетинен майнап чыга элек. (MiK)

XS
SM
MD
LG