Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Ала качуу: былтыр 210 факт катталган, анын 11и гана сотко жеткен


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылы Кыргызстанда Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен 210 факт катталган. Анын 182си өндүштөн кыскартылып, 11и гана соттун кароосуна жиберилген. Ушул тушта дагы 15 ишти тергөө уланып жатат. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди.

“Көпчүлүк иштердин кыскарып жатканынын себеби - тараптар келишип алып, арыздарынан баш тарткан учурлар болууда. Буга биз анализ жүргүзгөнгө аракет кылып жатабыз. Жакында болгон окуялар да терең көңүл бурууга зарыл экенин көрсөттү”.

Ал эми ушул жылдын алгачкы үч айында эле ала качуу, эркинен тыш нике кыюуга мажбурлоого байланыштуу 59 факты катталган. Анын ичинен учурда сегизи гана өндүрүштө.

Айзада Канатбекованын окуясын улам премьер-министр Улукбек Марипов ала качууга байланыштуу жазаны катаалдатууну сунуштаган. (MiK)

XS
SM
MD
LG