Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

COVAX программасынын алкагында медициналык каражаттар келди


COVAX эл аралык программасынын алкагында Кыргызстанда 423 миң шприц жана колдонулган медициналык каражаттарды коопсуз шартта жок кылуу үчүн 3825 даана куту келди.

Бул коронавирус илдетине каршы эмдөө жүргүзүү алкагындагы глобалдык жардамдын биринчи партиясы экенин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги 20-апрелде кабарлады.

COVID-19 илдетине каршы вакцинаны Кыргызстанда ишке ашырууда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, "ЮНИСЕФ", CEPI, GAVI эл аралык уюмдары өнөктөштүк кылууда.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын "SinoPharm" вакцинасы менен башталган. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлүүдө. Бээжин Бишкекке 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина жөнөткөн.

Министрлик жакында "AstraZeneca" вакцинасынын 405 миң дозасы келерин билдирген.

Бишкек Москвадан да 1 млн. доза "Спутник V" вакцинасын сураган. Жакынкы күндөрү каталган дарынын 30 миң дозасы келери кабарланган.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын расмий саны 92 миңден ашып, алардын 1,5 миңден көбү каза болду. Ооругандардын 87 миңден көбү айыкты. (SE)

XS
SM
MD
LG