Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Түштүк Корея "Sputnik V" вакцинасын өндүрөт


"Sputnik V" вакцинасын жеткирүү.
"Sputnik V" вакцинасын жеткирүү.

Түштүк кореялык "Huons Global" компаниясы коронавируска каршы Орусия ойлоп тапкан "Sputnik V" вакцинасын өндүргөн жатат. Компания тиешелүү келишимди вакцинаны сыртка экспорттоого жооптуу болгон Орусиянын Тикелей инвестициялар фонду менен түзгөнүн жана августтан тартып өндүрүштү баштай тургандыгын 16-апрелде жарыялады.

Бул үчүн "Huons Global" ишканасы дагы башка кореялык үч компания менен бирдикте консорциум түзүп, айына 100 миллион доза вакцина чыгарууга белсенип жатат.

"Huons Global" компаниясы "Sputnik V" вакцинасын өндүрүүгө келишим түзгөн экинчи түштүк кореялык компания болуп калды. Былтыр жыл соңунда "GL Rapha" биотехнологиялык компаниясы Тикелей инвестициялар фонду менен жылына 150 миллион доза препарат өндүрүүнү макулдашкан.

Орусиялык вакцинаны өндүрүү планын кореялык компания Иран бул препараттын 60 миллион дозасын сатып алаарын жарыялагандан бир күндөн кийин жарыялады.

Ирандын Москвадагы элчиси Казем Жалали 15-апрелде 30 миллион кишини эмдөөгө жетчү вакцинаны июндан тартып ала тургандыгын билдирген.

Орусиянын тышкы иштери министри Сергей Лавров жана Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф
Орусиянын тышкы иштери министри Сергей Лавров жана Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф

Учурда Иранда коронавирустун жаңы толкуну жайылып жатат. Мамлекеттик сыналгы каналы 15-апрелде 83 миллион киши жашаган өлкөдө жугуштуу вирустун кесепетинен улам төрт мүнөт сайын бирден адам жарыкчылык менен кош айтышып жатканын кабарлады.

Пандемия башталгандан бери Иранда 2,1 миллиондон ашык киши коронавирусту жугузса, 65 миңден ашуун бейтап анын айынан көз жумду.

Ага чейин дүйнөдөгү калкы көп өлкөлөрдүн бири болгон Индия "Sputnik V" вакцинасын эмдөө үчүн колдонууга уруксат берген. Ал эми өлкөнүн Орусиядагы элчилиги препарат апрелдин аягынан тартып жеткириле баштай тургандыгын билдирди.

Калкы 1,3 миллиард болгон Индияда пандемиянын экинчи толкуну учурунда СOVID-19 вирусуна каршы вакцина тартыштыгы жаралды.

“Sputnik V” Индияда колдонууга уруксат берилген үчүнчү вакцина болуп калмакчы. Буга чейин өлкө дарыгерлери "AstraZeneca" жана "Bharat Biotech" компаниясы өндүргөн "Covaxin" вакцинасы менен эмдөө жүргүзүп келишти.

“Sputnik V” вакцинасы 2020-жылы Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Николай Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология институтунда иштелип чыккан. Анын СOVID-19 вирусуна карата натыйжалуулугу алгач күмөн жаратып, жыйынтыктоочу үчүнчү сынак бүтө электе эле Орусияда расмий катталганы сынга алынган.

Бирок “The Lancet” журналы орус вакцинасы дээрлик 92% натыйжа көрсөткөнүн жазып чыкканы медициналык чөйрөдө ишенимди жаратты.

Европа "Sputnik V" вакцинасын изилдеп жатат

Европа Биримдигинин Дары-дармектер агенттиги (EMA) "Sputnik V" вакцинасын текшерип жатканын билдирип келет. Буга чейин Евробиримдикке мүчө айрым өлкөлөр бул препаратты сатып алууга кызыкдарлыгын билдирген.

Коронавирустун үчүнчү толкуну жыйылып жаткан Европада вакцина тартыштыгы сезилип жатат. Европа Биримдиги "Pfizer /BioNTech" вакцинасынын 50 миллион дозасы эртелеп, ушул айдан тартып келээрин жарыялады. Башында түзүлгөн келишим боюнча аталган препарат жыл аягында алынаары айтылган эле.

"Johnson&Johnson" вакцинасы
"Johnson&Johnson" вакцинасы

Ал ортодо Кошмо Штаттар "Johnson & Johnson" (J&J) вакцинасы менен эмдөөнү убактылуу токтотту. Учурда адистер "препарат менен эмделген адамдарда кан уюусу (тромб) пайда болушу мүмкүнбү?" деген суроону изилдеп жатат.

Буга чейин дал ушундай эле маселе "AstraZeneca" вакцинасында жаралып, бир катар өлкөлөр эмдөөнү токтоткон. Акыркылардан болуп Даниянын бийлиги дал ушундай чечимди кабыл алды.

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган пандемиянын жалгыз айласы катары жапырт эмдөөгө үмүт артылып жаткан чакта, вакциналардын айланасындагы күмөн суроолор абалды дагы татаалдаштырып жатат.

Бельгиядагы Льеж ооруканасынын директору Жулиан Компере "AstraZeneca" менен эмдөөнү токтотуу Европада кырдаалга терс таасирин тийгизерин белгилейт:

“Чынын айтканда, биз кабыл алынган чечимдерге таң калып жатабыз. Эгерде сандарды карай турган болсок, вакцинанын кесепеттери деле анча деле көп эмес. Бул чынында көйгөй жаратат. Анткени, Европадагы мамлекеттер "AstraZeneca" вакцинасын сатып алууну каалаган эле”.

Азыркы тапта Германияда, АКШда, Индияда жана Аргентинада СOVID-19 вирусун жугузгандардын саны басаңдабай жатат.

Кытайдын экономикасы тездик менен калыбына келүүдө

Ал ортодо СOVID-19 вирус алгач табылган Кытайдын экономикасы күтүлгөндөн ылдамдыкта калыбына келип жатканы белгилүү болду. Расмий маалыматтар боюнча, быйылкы жылдын биринчи кварталында Кытайдын ички дүң өнүмү 18,3 пайызга өскөн. Буга өлкө ичинде жана четте кытайлык товарларга талаптын өсүшү жана чакан компанияларга мамлекеттик колдоо көрсөткөнү себеп болду. Былтыр жыл аягында Кытайдын экономикасы 6 пайыздын айланасында гана өсүш көрсөткөн эле.

Ал эми АКШнын экономикасы болсо жыл башындагы 6,8 пайызга чейинки кескин төмөндөөгө карабай соңку мезгилде калыбына келе баштады.

Дүйнөдө вирус жугузуп алгандардын саны боюнча алгачкы орунга чыккан Кошмо Штаттарда катуу чектөөлөр, ишканаларга мамлекеттик колдоо экономиканын жанданышына түрткү болду.

Буга чейин президент Жо Байден АКШдагы экономиканы сактап калуу үчүн 1,9 триллион доллар жардам каралган пакетке кол койгон.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG