Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

COVID-19: оору дагы 225 адамдан аныкталды, эки бейтап көз жумду


Кыргызстанда 20-апрелге карата дагы эки бейтап коронавирустан көз жумду. Илдет соңку бир суткада дагы 225 адамдан аныкталды. Мурда ооругандардын 173ү сакайды.

COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдан кабарлашкандай, көз жумгандардын бири Бишкекте, экинчиси Чүй облусунда.

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий саны 92 320 адамга жетти. Алардын 87 229у айыгып, 1557 бейтап ажал тапты.

Акыркы суткада оору аныкталгандар:

-Бишкек шаарында - 117;

-Чүй облусунда - 82;

-Ысык-Көл облусунда - 12;

-Жалал-Абад облусунда - 5;

-Нарын облусунда - 4;

-Ош облусунда - 4;

-Талас облусунда - 1.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус пандемиясы июлда курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрда көз жумгандар катталбай калган.

Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, кышында илдетти жугузуп алгандар кыйла азайган. 2021-жылдын март айынан бери ооругандар жана каза болгондор кайра көбөйдү. Адистер оорунун болжолдуу үчүнчү толкуну май-июнь айларына туура келерин айтышкан.

Оору менен күрөшүү учурунда коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны төрт жарым миңге чамалайт. Алардын жүздөн ашууну каза болду.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын "SinoPharm" вакцинасы менен башталган. Расмий маалыматка ылайык, ушул күнгө чейин он миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. (SE)

XS
SM
MD
LG