Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

"Манас" аэропорту менен Татарстандын "Ядран" компаниясы кызматташууну караштырууда


"Манас" эл аралык аэропорту Татарстандын (Орусия) "Ядран" финансылык компаниясы менен кызматташууну караштырууда.

Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, "Ядран" компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанга өздөрү үчүн рынокту жана инвестициялык ишмердүүлүктү талдоо үчүн келген. "Манастын" инфраструктурасынан тышкары мобилдик байланыш жана энергетика тармагында кызматташуу жолдорун карап көрүшүүдө.

Мунун алдында айрым маалымат булактары "Манас" аэропорту татар компаниясына 25 жылга башкарууга берилип жатканы тууралуу жазышкан. Аэропорттун басма сөз кызматы муну четке кагууда.

Интернеттеги ачык булактарга ылайык, "Ядран" компаниясы 2020-жылдын 11-июнунда каттоодон өткөн. Кеңсеси Казан шаарында, капиталы 100 миң рубль. Жетекчиси - Мадьяров Дамир Зуфарович.

Ошондой эле маалыматта аэропортту өнүктүрүү жаатында кытайлык, түркиялык жана ички инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнү кошумчаланган.

Кыргыз өкмөтү «Манас» эл аралык аэропортун тышкы башкарууга берүүгө ниеттенип жатканы 2020-жылы маалым болгон.

Расмий маалыматтарга ылайык "Манас" эл аралык аэропорту 2019-жылы 2 млрд. сомдун тегерегинде таза киреше менен чыккан. "Азаттык" азырынча 2020-жылдагы каржылык маалыматты тактай алган жок. (SE)

XS
SM
MD
LG