Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Ооганстанда үч күндүк тыныгуудан кийин кол салуу жанданды


14-майда Кабулдагы мечитте бомба жардырылган
14-майда Кабулдагы мечитте бомба жардырылган

16-майда түштүктөгү Гилменд аймагында Орозо айттын урматына жарыяланган үч күндүк ок атышпоодон кийин талиб согушкерлери менен ооган өкмөттүк күчтөрүнүн кармашы жанданды.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, провинциянын борборунда америкалык аскерлер чыгарыла баштаганда тутанган кармаштар уланды. Жоочулар коопсуздук пункттарына чабуул койгону кабарланды. Ооган армиясынын басма сөз катчысы бул маалыматты тастыктады.

Үч күндүк тыныгуу учурунда да бир нече кол салуу катталып, 14-майда Кабулдагы мечитте бомба жардырылган. 12 динзардын, арасында намаз окуп жаткан молдонун өмүрүн кыйган кандуу окуя үчүн “Ислам мамлекети” террордук уюму жоопкерчиликти өзүнө алган. Бул тууралуу жихадчы топко байкоо салган чалгындоо кызматы билдирди.

Былтыр сентябрда Катарда “Талибан” менен Кабул өкмөтү ортосунда башталган тынчтык сүйлөшүүлөрү токтоп турат.

Айдын башында АКШ ооган жергесиндеги аскерлерин чыгара баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG