Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Навальныйдын фондунун иши: сот 9-июнга жылды


Алексей Навальныйдын кармалышы. 18-январь, 2021-жыл.
Алексей Навальныйдын кармалышы. 18-январь, 2021-жыл.

Алексей Навальныйдын штабдарын жана Коррупцияга каршы күрөшүү фондун экстремисттик деп табуу боюнча иштин материалдары күч кызматкерлеринин жеке маалыматтарынан улам ага жашыруундуулук белгиси коюлду.

Бул тууралуу “Коммерсант” басылмасы күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, кабарлады. Басылма Москванын прокуратурасы берген доонун материалдарын изилдеп жатат. Анда экстремизмге шектелген жана митинг тууралуу мыйзамды бузган бир топ адамдын тизмеси бар.

Фонддун кызыкчылыгын коргогон адвокаттар иштин материалдарында Интернеттен алынган, жалпыга белгилүү гана маалыматтар бар экенин белгилешти.

Москва шаардык сотундагы 17-майдагы жыйында прокуратура ишке дагы жаңы 6 томду киргизип, андан соң сот жараяны 9-июнга жылдырылды.

"Иштин жашыруун эмес бөлүгү фондго тиешеси жок эле ар кандай окуялардан турат. Прокуратура жалпы маалыматтарды пайдалануу менен өзүнө ыңгайлуу турумду коргогусу келет", – деп билдирди Адвокат Владимир Воронин.

Буга чейин Москванын шаардык прокуратурасы Навальныйдын штабдарын жана Коррупцияга каршы фондун экстремисттик деп табуу боюнча доо арыз менен сотко кайрылган болчу.

XS
SM
MD
LG