Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:43

Жазык-укук кодекстерине сунуштар талкууланууда 


Сүрөт Kaktus Media басылмасынын "Фейсбуктагы" түз эфиринен алынды.
Сүрөт Kaktus Media басылмасынын "Фейсбуктагы" түз эфиринен алынды.

Бишкекте бүгүн 18-майда жазык-укук жаатындагы мыйзамдарды жана кодекстерди өзгөртүү демилгесине байланыштуу кезектеги талкуу өтүп жатат.

Эки жыл мурда күчүнө кирген бул мыйзамдар менен кодекстерди кайра жаңылоо боюнча сунуштарды талкуулаган жыйынды “Стратегиялык чечимдер” коомдук фонду “Кыргыз Республикасында соттук-укуктук реформалардын жетишкендиктерин сактап калуу аркылуу адам укуктарын коргоо” долбоорунун колдоосу менен уюштурду.

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева, Наталья Никитенко, акыйкатчы Токон Мамытов, профессорлор Лейла Сыдыкова, Назгүл Сулайманова, "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова, адвокаттар, юристтер жана эксперттер катышууда.

Депутат Аида Касымалиева өз сөзүндө 2019-жылы 17 кодекс жана мыйзам күчүнө киргенин айтып, аларды кабыл алуу зарылчылыгы төмөнкүдөй болгонун эскертти:

“Бизге кайрылгандардын 90% - укук тартибин коргоо органдарына, сот чечимдерине нааразы болгон же үнү жетпеген жөнөкөй жарандар болгондуктан 2012-жылы укуктук-соттук реформа башталган. Коомдон коррупцияга, адилетсиздикке каршы талап болгон өзгөртөлү деген. Ошондуктан 2017-жылы кабыл алынып, 2019-жылы иштей баштаган”.

2019-жылдагы кодекстер менен мыйзамдарды кайра өзгөртүү максатында Жазык, Жазык-процессуалдык, Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстердин жаңы редакциясы жана Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Аларды 1-апрелде президенттин жарлыгы менен түзүлгөн Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш үчүн сунуш иштеп чыгуу максатында түзүлгөн эксперттик жумуш тобу иштеп чыккан.

Коомдук талкууга коюлган долбоордун негиздемесинде сот адилеттигин жана укук коргоо системасын реформалоо алкагында кабыл алынган кодекстердин жана мыйзамдардын сапатын сот бийлиги, укук коргоо органдары, адвокатура, эксперттик коомчулук жана жарандар олуттуу сынга алып, алардын кемчиликтеринин айынан укук колдонуу практикасында кыйынчылыктар жаралганы айтылган.

“Стратегиялык чечимдер” коомдук фонду буга чейин да ушул маселенин тегерегинде талкуу өткөргөн. (RK)

XS
SM
MD
LG