Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Галина Байтерек иштен алынып, жаңы кызматка дайындалды


Галина Байтерек
Галина Байтерек

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек бул кызматтан кетип, жаңы орунга дайындалды. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 18-майда кол койгон жарлыкка ылайык ал президенттик администрациянын Билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнө башчы болуп дайындалды.

Галина Байтерек өзү "Фейсбуктагы" баракчасына бүгүн басма сөз катчылык кызматта акыркы күн иштеп жатканын, президент Садыр Жапаров менен жакшы адамдык жана иш мамиледе калып жатышканын, алдына коюлган иш милдеттердин баарын аткарганын жана алдыда "жумуштун жаңы фронту" турганын жазды.

Галина Байтерек басма сөз катчылык кызматка 2020-жылдын 29-октябрында дайындалган. Ага чейин ал көп жыл Коомдук телерадиокорпорацияда иштеген. Коомдук-саясий, экономикалык программаларды алып барчу. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG