Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Кундуз Жолдубаева ИИМге суракка чакырылды


Кундуз Жолдубаева
Кундуз Жолдубаева

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка чыкырылды. Ал мындай маалыматты “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялады. Ага ылайык, Жолдубаева бүгүн 18-майда саат 16:00дө ИИМдин Тергөө башкармалыгына барышы керек.

“Мени Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) имаратын басып алууга аракет кылган деп айыпталып жаткан Жеңиш Молдокматовдун ишине байланыштуу күбө катары суракка чакырышты. Молдокматов менен менин байланышым жок. Мени бул ишке кандайча кошуп жатканына түшүнгөн жокмун. Былтыр 5-6-октябрда мен Кыргызстандын катардагы жараны катары аянтта жүргөм. Бул жерде кош стандарттулук орун алууда. Ошол күнү элге ок атууга буйрук бергендер эмнеге жазага тартылбайт? Өкмөт үйүн басып алууга аракет жасагандарды эмнеге суракка чакырбай жатат? Түшүнүксүз”, - деди Жолдубаева.

Былтыр парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматов 8-майда Биринчи май райондук сотунун токтому менен эки айга камалган.

Милиция Молдокматовго алгач былтыр октябрь окуяларында УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган деген айып таккан. Кийин беренени өзгөртүп, октябрь окуяларында массалык башаламандык уюштурган деген кине койгон.

Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалаган. Ал президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келет.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG