Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Гуантанамодо кармалган пакистандыкты бошотуу жактырылды


Сайфулла Парача
Сайфулла Парача

Пакистандык 73 жаштагы киши АКШнын Гуантанамо Бэйдеги аскердик абагынан бошотулары жөнүндө кабар алды.

Бул тууралуу америкалык маалымат каражаттары жазышты. Сайфулла Парача 11-сентябрда теракт уюштургандарга жардам берген деген шек менен 16 жылдан бери камакта отурган. Адвокаты Шелби Салливан-Беннистин билдиргенине караганда, катта Парача АКШга “коркунуч жаратпай калды” деп айтылган. Чечимди атайын комиссия ноябрда берилген арызды карап чыгып кабыл алды. Адвокат Пакистан аны артка кайтарууну каалап жатканын, буга эч кандай жолтоо жоктугун кошумчалады.

Пентагон "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Парачаны кое берүү чечимин бышыктоо өтүнүчүнө жооп берген жок.

Аны менен кошо дагы эки кишинин бошотулары маалымдалды. Үчөө тең кылмышка айыпталган эмес.

Парача Гуантанамодо кармалган эң улгайган туткун болчу. Анын саламаттыгы начар, илдеттен жабыркаганы тууралуу маалымдалып келген. АКШ аны 2003-жылы Таиландда кармаган.

Бийликтин айтымында, мурдагы ишкер Нью-Йорк шаарында туруктуу жашап келген Парача кутумчуларга акча которуп жардам берген.

Ал өзү 500 миң доллар которгонун моюнга алып, бирок ал адамдардын "Ал Каида" менен байланышта экенин билбегенин жана терроризмге эч кандай катышы жоктугун айтып келет.

Гунтанамодо Парача менен кошо санаганда 40 киши кармалууда.

XS
SM
MD
LG