Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:50

Израиль менен ХАМАС ортосундагы кармаш уланууда


Газа шаары. 17-май 2021-жыл
Газа шаары. 17-май 2021-жыл

Дипломатиялык аракеттерге карабай, Израиль менен ХАМАС уюму ортосундагы кармаш тынчый элек. БУУнун Коопсуздук кеңеши 18-майда чукул жыйында 200дөн көп кишинин өмүрүн жалмаган жаңжалды жөнгө салуу жолдорун талкууламакчы.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху дүйшөмбүдө анын өлкөсү “Израилдин бардык жарандарына стабилдүүлүк жана тынчтык алып келүү үчүн” Газадагы “террорчуларын буталарына” сокку урууну уланта берерин билдирди.

Түн ичинде жөөт армиясы Газага сокку урууну улантканын АФП агенттиги кабарлады. Бомбалоодон жолдор жана башка инфраструктура керектен чыкты, электр берүү үзгүлтүккө учурады.

Израилдин аскердик жетекчилигинин айтымында, ХАМАС жана палестиналык башка топтор Газадан 3 350 чакты ракета атышты. Алардын 200ү 17-майда атылган. Израилдин аба соккуларынан жана артиллериялык аткылоосунан кеминде 130 согушкер окко учту.

БУУнун маалыматына караганда, Газада 35 миңден ашуун палестиналык жер которууга аргасыз болду, 2,5 миңдейи үй-жайсыз калды. Уюм гуманитардык кризис тууралуу эскертүүдө.

Тилкеде 212 киши каза болгону кабарланууда. Арасында 61 бала бар. 1400дөн көп киши жарадар болду. Израиль бийлиги өз тарабында 10 киши, ичинде бир бала өлгөнүн маалымдаган.

Соңку чыңалуу мындан он чакты күн мурун башталган.

XS
SM
MD
LG