Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

Милиция: Чүйдө 17 жаштагы улан жанын кыйды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Чүйдүн Панфилов районундагы Вознесеновка айылында 17 жаштагы бала асынып алды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына ылайык, 102 кызматына 17-майда түнкү саат бир чамасында Вознесеновка айылындагы сарайлардын биринде асынып турган баланын сөөгү табылганы тууралуу кабар түшкөн. Учурда бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, экспертиза дайындалды.

Баштапкы маалыматка ылайык, маркум Кара-Балта шаарында жашачу. Вознесеновка айылына туугандарыныкына келген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG