Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

Министрлер кабинетинин төрагасы Марипов Кумтөр кенине барды


Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жамаатына убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырып жатат. 2021-жыл, 17-май.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жамаатына убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырып жатат. 2021-жыл, 17-май.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жамаатына убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Марипов Кумтөр кениндеги жумушчулар менен жолугуп, айрым суроолоруна жооп берди. Анын айтымында, кызматкерлер арасында кыскартуулар болбойт.

«Кен өз ишин токтотпойт жана ишин штаттык режимде улантат. Кызматкерлер тийиштүү төлөмүн алышат, эч кандай кыскартуулар тууралуу кеп да болбошу керек. Биздин негизги максат – карапайым элдин жашоо-турмушун жакшыртуу. Ачык-айкын жана таза ишибиз аркылуу гана биз ага жетише алабыз», - деди.

Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу кызматына Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун сунуштамасы менен дайындалды.

Жогорку Кеңеш 17-майдагы чечими менен Министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырган. Убактылуу тышкы башкаруу үч айлык мөөнөткө киргизилери, эгер зарыл болсо дагы үч айга узартылары парламенттин дүйшөмбүдөгү жыйынында айтылды.

12-майда депутат Акылбек Жапаров канадалык компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. “Центерра” мындай дооматтарды четке кагып жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG