Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

БШК "Эмгек" менен "Ата-Журт-Кыргызстандын" арызын карайт


Бишкек, 11-апрель, жергиликтүү кеңештерге шайлоо
Бишкек, 11-апрель, жергиликтүү кеңештерге шайлоо

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) “Эмгек”, “Ата-Журт Кыргызстан” партияларынын жана “Ак-Бата” партиясынын үч талапкеринин аймактык шайлоо комиссиянын (АШК) Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу чечимине байланыштуу арызын карайт.

АШК 12-майда Бишкек шаардык кеңешине добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (КЭДП), “Эмгек” жана “Ак Бата” партияларынын шайлоодон четтеттилгени, алар топтогон добуштар жараксыз деп табылганы негиз болгон.

Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоону жокко чыгаруу тууралуу АШКнын чечимин күчүндө калтыруу талабы менен бир катар партиялардын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүүдө.

Бишкек шаардык кеңешине соңку шайлоодо жети пайыздык босогодон “Эмгек”, “Ак-Бата”, КЭДП (Кыргызстан элдик демократиялык партиясы), “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Биздин Эл” партиялары өткөн. (МТа)

XS
SM
MD
LG