Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Баткен: Чек арада жараат алып, реанимацияга түшкөндөрдүн баары жалпы бөлүмгө которулду


Травматология жана ортопедия борбору.
Травматология жана ортопедия борбору.

Баткенде апрель айынын соңундагы чек ара окуясында жараат алып, Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна которулган 36 бейтаптып 12си бул мекемеде дарылануусун улантууда. Бул тууралуу 19-майда "Азаттык" радиосуна оорукананын басма сөз кызматы билдирди.

11-майда реанимацияда үч бейтап жатканы айтылган, алардын баары палатага которулганы белгилүү болду.

Дарыгерлер бул ооруканада жаткан 12 бейтаптын абалын канааттандырарлык деп баалап жатышат.

Буга чейин тогуз бейтап аскердик госпиталга которулуп, дагы бирөө Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.

Өкмөттүн маалыматына караганда, чек ара окуясында 154 адам жараат алган, алардын 57си Бишкектеги үч ооруканага (Травматология жана ортопедия борборуна, Улуттук хирургия борборуна, Улуттук госпиталга) жаткырылган.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту. (RK)

XS
SM
MD
LG