Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу


Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.
Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу 19-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 18-майда Ош облусунун Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагында эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Ага Ош облусу боюнча жана Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал) аймагы боюнча өкүлдөр катышты.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында “чек аранын ошол тилкеси эл аралык-укуктук жактан аныкталып бүтмөйүнчө Унжу-Булак аймагындагы мамлекеттик чек ара сызыгын Кыргызстандын да, Тажикстандын да аскерлери кайтарбайт” деген чечим кабыл алынды.

Чек араны биргелешип кайтаруу эки тараптын макулдашуусунун негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн экени айтылды.

УКМКнын Чек ара кызматынын Чоң-Алайдагы бөлүктөрү кызматын кадимки тартипте жүргүзүүдө.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде, Ош облусунун Чоң-Алай району жана Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал) аймагы чектешкен жердеги 18-майдагы окуя тууралуу маселе 19-майда Жогорку Кеңештин отурумунда да көтөрүлүп, депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасы маалымат беришин талап кылышты.

Ош облустук администрациясы интернетте «Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караган аймактагы такталбаган жайытка тажик аскерлери техникасы менен кирип келди» деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбей турганын 19-майда билдирди.

Райондук акимчилик демаркация жана делимитация иштери жүргүзүлө элек болгондуктан ал жерди мурда тажик чек арачылары алыстан көзөмөлдөп турганын, 18-майда аймактын өзүнө киргенин айткан.

Тажикстан менен чек ара сүйлөшүүлөрү 2002-жылы башталган, азыр ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган. Апрель айынын соңунда чек арада тутанган окуяда 36 кыргыз, 19 тажик жараны каза болду. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG