Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

Жапаров: канадалыктар "Кумтөрдөгү" бухгалтердик табелди өчүрүп кеткен


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кумтөр алтын кенин иштеткен "Кумтөр голд" компаниясынын жетекчилери иштеп жаткан кызматкерлердин айлыгы тууралуу бухгалтердик табелди өчүрүп кеткенин билдирди.

“Кумтөрдө иштегендерди тынчсыздандырган нерсе айлык акысы болууда. Бир айда эки жолу айлык алышчу экен. Жарымы алыптыр, теңи ала элек экен. Себебин кызыгып сураганда бухгалтерияны дагы көчүрүп кетиптир. Ким канча акча алары жөнүндө табел дагы жок. “Кумтөр голд компанинин” президентинин Кыргызстанда жок экенине 50 күн болуптур, 7-майда финансы боюнча менеджери чыгып кетиптир",-деди Жапаров.

17-майда "Кумтөргө" убактылуу тышкы башкаруу үч айлык мөөнөткө киргизилди, эгер зарыл болсо дагы үч айга узартылары айтылды.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

8-майда "Центерра Голд" билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор "таптакыр негизсиз" экенин, ал эми парламентте кабыл убактылуу тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, "Кумтөр Голд" мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG