Израиль 20-майда Газа тилкесине кайрадан абадан сокку уруп, кеминде бир палестиналык өлдү, бир нече киши жараат алды. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху чабуулдарды токтотууга чакырып келаткан Вашингтондун кысымына туш болгону менен тилкени көзөмөлдөгөн ХАМАС тобуна мүмкүн болушунча көбүрөк зыян алып келүүнү көздөгөндөй. ХАМАС өз кезегинде Израилге карай миңдеген ракета аткан.
АКШнын президенти Жо Байден 19-майда Нетаньяху менен сүйлөшүүдө “деэскалацияны” күтөрүн айткан, бирок жөөт өкмөт башчысы “Израилдин жарандары коопсуз жана тынч жашамайынча” чабуул уланарын билдирди.
Ал арада дипломатиялык чөйрөлөргө жакын булактар жакынкы 24 саатта ок атышпоо жарыяланышы мүмкүн деп бейшембиде билдиришти.
БУУнун Башкы Ассамблеясы ушул эле күнү Израиль-Палестина жаңжалын ачык талкуулайт деп күтүлүүдө.
Буга чейин ХАМАСтын жогорку өкүлдөрү бир-эки күндө ок атышууну токтотууга жетишилиши мүмкүн экенин айткан.
Кризис курчуп кеткен 10-майдан бери, палестиналык дарыгерлердин айтымында, 228 киши каза тапты. Израиль тарап 12 киши өлгөнүн маалымдады.