Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:16

Кыргызстанда быйыл 61 546 өспүрүм мектепти аяктоодо


Иллюстрациялык сүрөт. 2018-жылы тартылган.
Иллюстрациялык сүрөт. 2018-жылы тартылган.

Быйыл Кыргызстанда 11-классты 61 546 өспүрүм аяктап жатат. Ал эми 9-классты 103 414 окуучу бүтүрдү. Бул тууралуу Билим берүү берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Самат Тоялиев "Азаттыкка" билдирди.

Министрлик коронавирус пандемиясынан улам өлкө аймагында "Акыркы коңгуроо" салтанатын онлайн өткөрүү тууралуу буйрук чыгарган. Бишкектеги айрым муниципалдык жана жеке менчик мектептерде азем гигиеналык эрежелерди сактоо талабы менен уюштурулду.

Бишкектеги №84 мектептеги "Акыркы коңгуроо" салтанаты.
Бишкектеги №84 мектептеги "Акыркы коңгуроо" салтанаты.

Окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында коомдук тартипти 3 391 милиция кызматкери көзөмөлдөп жатат.

Буга чейин ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр арасында түшүндүрүү иштери жүрүп, "таң тосуу", жаратылышка эс алууга чыгуу, ресторан, кафелерде кече уюштурууга болбой турганы эскертилген.

Бишкектеги №77 мектептин онлайн бүтүрүү жыйыны.
Бишкектеги №77 мектептин онлайн бүтүрүү жыйыны.

Кыргызстанда жалпы 2 296 мектеп бар. Коронавирус пандемиясынан улам "Акыркы коңгуроо" салтанаты былтыр да уюштурулган эмес. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG