Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

Байден беларус бийлигинин "чектен чыккан жоругун" айыптады


Жо Байден
Жо Байден

АКШ президенти Жо Байден Беларус бийлигинин жүргүнчү учакты күчтөп кондуруп, борттогу оппозициялык журналистти камаганын айыптап, муну "чектен чыккан жорук" деп атады.

Президент өз администрациясына ошол окуяга тиешеси бар адамдарды жоопко тартуу жолдорун карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу Ак үйдүн сайтында маалымдалды.

Байден журналист Роман Протасевич баштаган “Лукашенконун режими адилетсиз кармап жаткан жүздөгөн саясий туткунду” бошотууга үндөдү. Президент АКШ окуяны эл аралык комиссия тарабынан иликтөө жана санкция салуу чакырыгын колдоорун кошумчалады.

"Өз укуктары үчүн күрөшүп жаткан беларустардын, арасында журналист Роман Протасевич, оппозиция лидерлери Светлана Тихановская жана күйөөсү Сергей Тихановскийдин чечкиндүүлгүнө жана эрдигине алкыш айтам”, - деп айтты Байден.

Расмий Минскиге кысымды күчөтүү чакырыктары өлкө бийлиги мамлекеттик телеканалдан Протасевичтин видео кайрылуусун көргөзгөндөн кийин көбөйдү. Видеодо оппозициялык журналист башаламандыктарды уюштурууга тиешеси бардыгын “мойнуна алган”. Оппозиция менен Протасевичтин өнөктөштөрү аны мажбурлап сүйлөттүрүшкөн деп эсептешет.

23-майда ирландиялык "Ryanair" авиакомпаниясынын Афины-Вильнюс каттамындагы учагы “бомба бар” деген шылтоо менен аскердик учактын коштоосунда Минскинин аба майданына кондурулган. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн арасындагы оппозициялык журналист, блогер Роман Протасевич жана анын сүйлөшкөн кызы камакка алынган.

Литвада баш калкалап жүргөн журналист Беларустагы август айынан берки ири демонстрацияларда маанилүү роль ойногон "Nexta" телеграм-каналын негиздеген. Ал бараткан учакты кондуруу буйругун Александр Лукашенко өзү бергени маалым болду.

24-майда Евробиримдиктин саммитинде беларус авикомпанияларына шаркетке учууга тыюу салуу чечими кабыл алынды. Лидерлер ошондой эле авиакомпанияларды мүмкүн болушунча Беларустун үстүнөн учпоого чакырышты. Бирок чечимди Европа кеңеши жактырышы керек.

XS
SM
MD
LG