Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

Ошто аскер кызматкерлерине батирлер берилди 


Коргоо министрлиги жана Чек ара кызматы үчүн курулган үй. Ош, Кыргызстан. 28.05.2021
Коргоо министрлиги жана Чек ара кызматы үчүн курулган үй. Ош, Кыргызстан. 28.05.2021

Президент Садыр Жапаров Ош шаарында Коргоо министрлигинде жана Чек ара кызматында иштегендерге 216 батирдин ачкычын тапшырды.

Тогуз кабаттуу 3 корпустан турган турак жай 2016-жылы Коргоо министрлигинин акчасына курулган. Анын 56сы чек арачыларга, калганы Коргоо министрлигинин кызматкерлерине берилди.

"Батир 20 жылдан ашуун кызмат кылгандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, жолдошу кызмат учурунда каза тапкандарга жана кызмат учурунда майып болгондорго берилет", - деп билдирди коргоо министри Таалайбек Өмүралиев ачкычтарды тапшыруу аземинин алдында.

Садыр Жапаров Баткен облусуна эки күндүк иш сапар менен 27-майда барган. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган айылдарда эл менен жолугушту. Анын сапары 28-майда түштөн кийин Ош облусунда уланды. (МТа/MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG