Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:56

Жаныбек Абировго каршы кылмыш иши териштириле баштады


Жаныбек Абиров.
Жаныбек Абиров.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров маяналарга байланыштуу кылмыш ишинде фигурант болууда.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 28-майда билдиргендей, шаар бюджетинин болжолдонгон киреше бөлүгү жасалма жол менен көбөйтүлүп, анын долбоорун Абиров талкуусуз бекиткен деп шек саналууда.

Териштирүүнүн баштапкы маалыматтарына караганда, шаардык кеңештин төрагасынын жана мэрдин айлыгы 120-150 миң сомго көбөйтүлгөн. Натыйжада шаардагы социалдык маселелерди чечүүгө жана инфраструктураны жакшыртуу багытына керектүү каражаттар мыйзамсыз сарпталган. 2019-жылдан 2021-жылдын 1-апрелине чейинки аралыкта мамлекетке 214 581 700 сомдук зыян келтирилгени аныкталган.

Факты Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Жаныбек Абиров кылмыш иши тууралуу маалымат каражаттарынан укканын айтып, муну далилсиз шек саноо деп атады.

Кыргызстандын социал-демократтар партиясынан (КСДП) шайланган Абиров 2018-жылдан бери шаардык кеңешке төрагалык кылат. 11-апрелде өткөн, кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо "Эмгек" партиясынан катышып, талапкерлердин тизмесинин сап башында турган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG