Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

"Маалыматты манипуляциялоо" мыйзам долбоору кайра жазылат


"Маалыматты манипулиялоо жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы акция. 29-июнь, 2020-жыл.
"Маалыматты манипулиялоо жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы акция. 29-июнь, 2020-жыл.

“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн депутаттар, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү кирген топ түзүлдү. Мындай чечим бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынды.

Өткөн жылы депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова даярдаган бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, жактырган.

Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков коомчулуктун нааразылыгынан кийин мыйзамга каршы кол коюп, документтин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн аны Жогорку Кеңешке кайтарган.

Депутаттар Асылбаева менен Осмонова сунуштаган мыйзам долбоору тогуз беренеден турат. Анда Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарына, интернет-провайдерлерге чейин укук-милдеттери жазылган.

Жарандык коом, айрым журналисттер долбоор Кыргызстандын Конституциясына каршы келет, бийлик ал аркылуу "сөз эркиндигин ооздуктоого аракет көрүүдө" деп сындап чыккан.

Мыйзам долбооруна каршы Бишкекте бир катар нааразылык акциялары өткөн. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG