Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:12

"Биримдикке" акча топтогон Соцфонддун экс-жетекчилери соттолду


"Биримдик" партиясы үгүт иштери менен. 2020
"Биримдик" партиясы үгүт иштери менен. 2020

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Социалдык фонддун мурдагы жетекчиси Медер Ирсалиевге жана мурдагы аппарат башчысы Акылбек Атабаевге өкүм чыгарды.

Ага ылайык, Ирсалиев “Кылмышка кошо катышуу” (43-берене, 2-бөлүк) жана “Коррупция” (319-берене, 1-бөлүк) беренелери менен күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айып пул салды.

Атабаев “Кылмышты аткаруу” (41-берене) жана “Коррупция” (319-берене, 1-бөлүк) беренелери менен айыптуу болуп, 220 миң сом айып пулга жыгылды.

Алар 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Биримдик” партиясынын үгүт иштери үчүн Социалдык фонддун аймактык жетекчилеринен акча чогулткан деп айыпталып, кармалган.

Тергөөдө Ирсалиев менен Атабаев кызматташууга барып, коюлган айыпты толугу менен мойнуна алган жана башкаларга көрсөтмө берген.

Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоодо бийликтин партиясы делген “Биримдик” партиясы 24,49 пайыз добуш топтоп, биринчи орунду алган. 5-октябрда добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болгон тараптардын акциясы башаламандык менен коштолуп, бийликтин алмашуусу менен аяктаган. Борбордук шайлоо комиссиясы 6-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG