Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

БШК Нурбек Мурашевге депутаттык мандат тапшырды


Нурбек Мурашев.
Нурбек Мурашев.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 28-майда Исхак Пирматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, анын мандатын Нурбек Мурашевге берди.

"Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Пирматов партиянын шайлоо астындагы ички келишимине ылайык мандатын өткөрүп бергенин билдирген.

Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укугу ал парламентте ант берген күндөн тартып күчүнө кирет.

Мурашев Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты болгон. Ал 2016-2019-жылдары айыл чарба министри болуп иштеп турганда картошкасын сата албай калган дыйкандардын сын-дооматына кабылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG