Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

COVID-19: беш бейтап каза болду, илдет 174 кишиден аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 31-майдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен беш бейтап көз жумду. Бишкек шаарында төрт жана Ысык-Көл облусунда бир адам.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1 808​ кишиге жетти.

Вирус акыркы бир суткада дагы 174 адамдан аныкталды. Расмий маалыматка ылайык, оору жуктургандардын жалпы саны 104 729 кишиге жетти. Андан 98 544 адам айыкты.

Ушул күндөрү 1 696 бейтап ооруканада жатат. Алардын ичинен 94 адамдын абалы өтө оор, 446 кишиники оор деп бааланууда.

Акыркы бир суткада 11 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 4 663 учур катталды, алардын ичинен 4 577 сакайды (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG