Президент Садыр Жапаров 24-25-майда Орусияга болгон иш сапары учурунда Кыргызстан менен Орусия түбөлүк союздаш жана өнөктөш экенин айтты.
Анын Сочидеги аба майданда кабарчылар менен учкай маектешүүсүн 30-майда орусиялык "Россия 1" телеканалы көрсөттү.
Жапаров анда "Орусия жана Владимир Владимирович Путин Кыргызстандын тагдырына кайдыгер эмес. Биз - түбөлүк союздашпыз жана соода-экономикалык жактан өнөктөшпүз. Ошондуктан мындан аркы Кыргызстандын өнүгүүсүн талкууладык. Жалпысынан мен биздин жолугушууга канааттандым", - деп айткан.
Жапаров 24-25-майда Орусияга жумушчу сапары менен барып, Владимир Путин менен жолуккан. (BCh)