Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн эки партия арыз берди


Бишкек шаардык мэриясы жана шаардык кеңештин имараты.
Бишкек шаардык мэриясы жана шаардык кеңештин имараты.

“Өнүгүү-Прогресс” жана Социал-Демократтар партиялары Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого катышуу ниетин билдирип аймактык шайлоо комиссиясына кайрылды.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов “Азаттыкка” билдиргендей, партиялардын арызы 13-июнга чейин кабыл алынат. Саясий уюмдар ага чейин съезддердин өткөрүп, шайлоо фонддорун түзүшү керек.

“Кайра шайлоо болуп жатканына байланыштуу шайлоонун мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскарат. Ошон үчүн үгүт иштери 21-июндан 10-июлга чейин жүрөт”, - деди Маматов.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн.

Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып 3-майда Токмок, 11-майда Ош, 19-майда Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын үч чоң шаарына кайра шайлоону 11-июлга дайындады. (BTo/AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG