Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:18

Үч шаардагы кайра шайлоого 48 миллион жумшалат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоо өткөрүүгө бюджеттен 48 миллион 344 миң сом кетет. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бул каражат шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен операторлордун кызматтык сапарларына жумшаларын билдирди.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн.

Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып 3-майда Токмок, 11-майда Ош, 19-майда Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Бул үч шаарда 11-апрелдеги шайлоого казынадан 38 миллион сом жумшалган.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын үч чоң шаарына кайра шайлоону 11-июлга дайындады. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG