Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:05

«Президенттин милдеттенмелери жөнүндө» долбоор талкууга коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президенттин анын жубайынын туугандарынын жана өлкө жетекчисинин балдарынын мамлекеттик кызматка келишине тыюу салган мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Документ 26-майдан баштап коомдук талкууга коюлган.

Ага ылайык, президент жакындарын саясий кызматтарга, дипломатиялык мекемелерге, судьялардын кызмат ордуна жана бюджеттен каржыланган мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жетекчилигине дайындоого жана көрсөтүүгө бөгөт коюлат. Алар Жогорку Кеңештин да шайлоосуна да катыша албайт.

Долбоор президент конституциялык ыйгарым укуктарынан кыянат пайдалануусун алдын алып, анын жакындары мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүн четтетүү максатында даярдалган.

Ушул жылдын 5-майында президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп Кыргызстан толук президенттик башкарууга өткөн.

Анда президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилди. Президент беш жылдан эки жолу шайлана алат. Коопсуздук кеңешин түзөт жана парламенттин макулдугу менен башкы прокурорду дайындайт. Аткаруу бийлигин жетектейт, министрлер кабинетинин курамын жана түзүмүн аныктайт.

Эми референдумду мурдагыдай Жогорку Кеңеш эмес, президент гана жарыялай алат. Мамлекет башчысы зарыл учурда депутаттарды кезексиз жыйынга чогултат, парламентке шайлоону, анын ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоону да дайындайт. Мыйзам демилге кылуу укугу да бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG