Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Борбордук Африка Республикасы: кол салууда беш адам мүрт кетти


Борбордук Африка Республикасындагы орусиялык аскер кызматкери.
Борбордук Африка Республикасындагы орусиялык аскер кызматкери.

Борбордук Африка Республикасында 28-майда аскердик унаа жарылып, беш адам ажал тапты. Алардын үчөө куралчан күчтөр менен өкмөттүн күрөшүнө көмөк көрсөтүүгө барган Орусиянын аскер кызматкерлери экени аныкталды.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Энжи Максим Казагуй бул маалыматты тастыктап, унаа өлкөнүн батышындагы Барберати жана Боуар аттуу аймагындагы жолго коюлган минага жарылганын билдирди.

Жарылуудан дагы беш жергиликтүү аскер кызматкери жарадар болду.

Орусия Борбордук Африка Республикасындагы жарандык согушта президент Фостен Арканж Туадерага жардам берип келет.

Расмий Москва орусиялык аскерлер колунда куралы жок экенин, "окутуу" максатында гана барганын айтып жүрөт.

Бирок Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) март айында орус аскерлери Борбордук Африка өлкөсүндө куралдуу кагылыштарга катышып, адам укугуна каршы иш-аракеттерди аткарып жатканын кабарлаган. 30-мартта президент Туадера бийликке расмий киришип, ага Орусиянын жараны Валерий Захаров коопсуздук кеңешчиси болуп дайындалган. Бул дайындоодон кийин орусиялык аскерлер өлкөдө көбөйө баштаган.

Борбордук Африка Республикасы алтын жана алмаз кендерине бай. Айрым кен казуучу жайлардын орусиялык белгилүү ишкер, Владимир Путиндин жакын ымалашы Евгений Пригожин менен байланышы бар экени айтылып келет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG