Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Бишкекте жаңы конуштардын көчөсүнө жарык коюлууда


Көчөгө лампа коюу учуру.
Көчөгө лампа коюу учуру.

Бишкектеги 35 жаңы конуштун көчөлөрүнө 4 535 лампа жыл аягына чейин орнотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Азыркы тапта "Бишкек свет" муниципиалдык ишканасы Октябрь районуна караштуу Алтын-Ордо, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Рухий-Мурас аттуу конуштардын көчөлөрүндөгү жарыктандыруу системасын жаңылап жатат.

Биринчи май, Свердлов районуна караштуу дагы бир нече жаңы конуштун көчөлөрү жарыктандырылат.

Жыл аягына чейин жалпы 11 жаңы конуштун көчөсүнө жарык берилмекчи. Көчөлөргө электр лампаларын орнотуу иши 2020-жылы башталган.

Бишкекте 48 жаңы конуш бар, анда 300 миңден ашуун калк жашайт. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG