Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

“Коопсуз шаар”: айып пулдан эки миллиарддай сом чогулду


"Коопсуз шаар" долбоорунун Бишкек шаарындагы камералары.
"Коопсуз шаар" долбоорунун Бишкек шаарындагы камералары.

Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирген 2019-жылдын 4-октябрынан ушул жылдын 19-майына чейин жол эрежесин бузган айдоочуларга 2 миллион 373 миң 355 токтом толтурулду. Анын ичинен 1 миллион 566 миң 870 токтом боюнча айып пул төлөндү. Бул 66%ды түзөт.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов 31-майда парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында айтты.

“19-майга карата 1 миллиард 728 миллион 921 миң сом бюджетке түштү. Убагында төлөнбөгөн айып пул жана туум эсептелип сотко өткөрүлө турган 130 миң токтомдун 70 миңи сот аткаруучуларга жиберилди. Анын ичинен 17 миңине байланыштуу айып өндүрүлдү”.

Ыманалы Саркуловдун сөзүнө караганда, “Коопсуз шаар” долбоорунан түшкөн ар бир айып пулдан 224 сом долбоорду ишке ашырган “Вега” компаниясына которулат. Токтомду жеткирүү иштерин моюнуна алган “Кыргыз почтасына” болсо 24 сомдон бөлүнөт. Калган каражат бюджетке түшүп, мамлекеттик мекемелерге өздөрүнө тиешелүү суммада акча бөлүнөт.

“Коопсуз шаар” Бишкекте 2019-жылы ишке кирип, жол эрежесин бузгандарга айып салына баштаган.

Долбоордун экинчи этабын ишке ашырууну 2019-жылдын соңунда кытайлык “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясы утуп алган. Бирок, пандемиядан улам долбоор кечеңдегенине байланыштуу деп, 2020-жылдын аягында келишимдин мөөнөтү 2021-жылдын 18-июнуна чейин узартылган. Компания бул аралыкта да иштерди толук баштаган эмес. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG