Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Баткен: калыбына келтирүү иштерине видеокөзөмөл коюлат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында жүрүп жаткан куруу жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн күнү-түнү көзөмөлдөө үчүн видеокамераларды орнотот. Бул тууралуу 1-июнда кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, видеокөзөмөл камералары биринчилерден болуп Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы орто мектептин курулушу жүрүп жаткан жерде иштей баштады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Баткен облусуна барып, курулуш иштерин жеринен көрдү жана куруучулар менен жолукту.

Өкмөт Баткендин чек арада жабыркаган айылдарын калыбына келтирүү үчүн быйыл 3-майдагы токтому менен республикалык бюджеттен 700 миллион сом бөлгөн. Бул акча социалдык объекттерди жана транспорттук инфраструктураны калыбына келтирүүгө жумшалары айтылган.

Курула турган жолдордун жалпы узундугу 124,2 км болот: Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык (25,1 км), Ак-Сай – Рават (25 км), Кулунду – Максат – Арка (30 км) жана Самаркандек – Даркум – Мадиген (44,1 км).

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, 15 социалдык объект, 34 соода түйүнү, 27 май куюучу жай, беш ашкана жана үч тойкана жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (RK/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG