Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

ЕБ: Кыргызстандын жазык-укук реформасы адам укуктарына кооптуу


Никола Скарамуццо.
Никола Скарамуццо.

Европа Биримдиги Кыргызстандын жазык-укук багытындагы кодекстерди өзгөртүү боюнча азыркы аракети өлкөдө адам укуктарынын бузулушуна алып келиши ыктымал экенин эскертүүдө. Бул тууралуу 2-июнда Бишкекте кодекстердин долбоору талкууланып жаткан жыйында Европа Биримдигинин Кыргызстандагы программаларынын жетекчиси Никола Скарамуццо билдирди.

Ал жаңы кодекстер тийиштүү анализ жүргүзүлбөстөн, тийиштүү концепциясы же стратегиясы жок бойдон, жакшы талкууланбастан, жарандык коом жана эксперттер тартылбастан шашылыш түрдө кабыл алынып жатканын белгиледи:

“Бул соңку жети жылдан бери соттук-укуктук реформа алкагында киргизилип келе жаткан бардык прогрессивдүү жетишкендиктерге коркунуч жаратып, адам укуктарынын бузулушуна алып келиши ыктымал. Биз донор катары сиздердин аракет укук үстөмдүүлүгүн, адам укуктарын бекемдөөгө багытталышын колдойбуз”.

Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү Кыргызстанда сот-укук тармагындагы реформаларды ишке ашырууга 2014-жылдан бери каражат бөлүп, жардамын берип келет.

Бишкекте бүгүн Жазык, Жазык-процессуалдык, Бузуулар жөнүндө жана Жазык-аткаруу кодекстеринин долбоорун талкуулаган жыйын өтүп жатат. Башкы прокуратура, "Адилет" укуктук клиникасы эл аралык уюмдар менен биргелешип уюштурушкан жыйынга парламент депутаттары, Башкы прокурор, президенттик администрациянын өкүлдөрү, укук коргоочулар, юристтер катышууда.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев соттук-укуктук реформанын алкагында жазык-сот системасында олуттуу жетишкендиктер болгонун, бирок кемчиликтер да бар экенин айтып, “Сынды карапайым калк гана эмес, кодекстерди практикада түздөн-түз колдонуп жаткан соттор, юристтер, адвокаттар, прокурорлор, укук тартибин коргоо органдарынын өкүлдөрү, көз каранды эмес эксперттер жана иши эч себепсиз токтоп калган бизнес өкүлдөрү, укук коргоочулар айтып жатышканын” белгиледи.

Кыргызстанда укуктук-соттук реформа 2012-жылы башталган. Жаңы кодекстер жана мыйзамдар 2017-жылы кабыл алынып, 2019-жылы иштей баштаган.

Аларды кайра өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору быйыл 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду. Жаңыртылган долбоорлорду 1-апрелде президенттин жарлыгы менен түзүлгөн эксперттик топ иштеп чыккан. (RK/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG