Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Ходорковскийдин тарапташы эки айга камалды


Андрей Пивоваров Краснодар райондук сотунда. 2-июнь, 2021-жыл.
Андрей Пивоваров Краснодар райондук сотунда. 2-июнь, 2021-жыл.

27-майда ишмердүүлүгүн токтоткон «Ачык Орусия» уюмунун мурдагы аткаруучу директору Андрей Пивоваровдун баш коргоо чарасын шаршембиде Краснодар райондук соту карады. Соттун чечими менен ал эки айга камалды.

Пивоваров «жагымсыз уюмдар» тууралуу орус мыйзамдарын бузган деп айыпталууда. Сот жараянында ал күнөөсүз экенин айтып, коюлган дооматтарды четке какты.

Пивоваров 1-июнда Санкт-Петербургдун Пулково аэропортунда кармалган. Ал учак жаңы эле ордунан жылары менен токтотулуп, Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) өкүлдөрү өзүн сыртка алып чыгышканын билдирген.

Мындан тышкары Орусиядагы оппозициячыл саясатчы, Мамдуманын мурдагы депутаты Дмитрий Гудков 1-июнда 48 саатка камалды. Анын алдында үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.

Гудков 2015-2017-жылдары "кеңсенин ижара акысы боюнча карыздарды төлөбөй койгон" деп шек саналууда.

1-июнда саясатчы өзүнүн Telegram каналына Москванын жака белиндеги дачасында жана анын мурдагы жардамчысы Александр Соловьевдун, штабынын жетекчиси Виталий Венедиктовдун үйлөрүндө да тинтүү жүргөнүн кабарлады.

Соловьев «Ачык Орусия» уюмунун мурдагы жетекчиси болчу.

Орусияда 2015-жылы “жагымсыз уюмдар” мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, мындай тизмеге кирген уюмдар, алар менен кызматташкан адамдар административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

XS
SM
MD
LG