Би-Би-Си кыргыз кызматы түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилөөдө. 25 жылдыкка арналган иш-чара 2-июнда Бишкектеги "Хаят" мейманканасында өтүп жатат.
Би-Би-Си дүйнөлүк кызматынын кыргыз тилиндеги программалары 1996-жылдын 3-июнунан тартып обого чыга баштаган.
Ошондой эле 2009-жылдын декабрь айынан баштап "Сапар" документалдык телевизиондук программасын даярдап келүүдө.
Би-Би-Си кыргыз кызматынын теле жана радио берүүлөрү, иш күндөрү көрсөтүлгөн жаңылыктары жана бир айда бир чыгуучу документалдык "Би-Би-Си Сапар" программасы Кыргызстандын Коомдук теле-радио корпорациясы аркылуу таркатылат.
Ошондой эле Би-Би-Синин радио программаларын жана "Сапар" берүүсүн Интернет аркылуу да угууга жана көрүүгө болот.
Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы (ВBC World Service) радио, теле жана санарип форматында дүйнөдөгү жаңылык, окуяларды 28 тилде чагылдырат. (МТа)