Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

АКШ Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыңалууну азайтуу аракеттерин колдоду


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожидин Мухриддин.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожидин Мухриддин.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 1-июнда Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожидин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, апрель айынын этегинде чек арадагы жаңжалда каза болгондордун жакындарына көңүл айтарын билдирди.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Нед Прайс билдиргендей, Блинкен Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чыңалууну азайтуу, чек араларды тактоо жана көйгөйлөрдү тынчтык жол менен чечүү аракеттерин колдой турганын айткан.

Блинкен террорчулукка каршы күрөштө өнөктөш болуп, аймактагы коопсуздукка кошкон салымы үчүн Дүйшөмбүгө ыраазычылык билдирди.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, анын экөө бала. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун билдирген. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

21-майда Кыргызстан чек ара маселеси чечилмейинче деген жүйө менен кыргыз-тажик чек арасын убактылуу толук жапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG