Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Парламент комитети Инандынын жоголушуна байланыштуу кайрылуу жолдоду


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын дайынсыз жоголушуна байланыштуу чукул кайрылуу кабыл алып, тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөттү.

"Таламандын чак түшүндө өлкөбүздүн борборунда орун алган бир чети кылмыштуу, бир чети резонанстуу окуяны иликтеп, чыныгы жагдайды ачыкка чыгаруу - тиешелүү укук коргоо органдарынын милдети. Коомчулукта ал чет өлкөлөрдүн кийлигишүүсү менен ишке ашкандыгы боюнча божомолдор айтылууда. Божомол тастыкталса, жарандарыбыздын укугун коргоо боюнча Министрлер кабинети чечкиндүү кадамдарга барууга тийиш", - деп айтылат Эл аралык комитеттин кайрылуусунда.

Орхан Инандынын каалгасы ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук Бишкекте табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошол бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Инандыны издөө үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу түзүлгөнүн, анын курамына тажрыйбалуу тергөөчүлөр жана ыкчам кызматкерлер киргенин Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлаган.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейинин, "Ататүрк-Алатоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инандынын теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG