Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Бишкек: Бруцеллез боюнча көрсөткүч начарлады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бруцеллез илдетине чалдыккандардын саны өстү. Бул тууралуу 2-июнда борбор калаанын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борборунан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, былтыркы жылдын алгачкы беш айында мындай диагноз үч адамга коюлган болсо, быйыл ошондой эле мезгил аралыгында бул көрсөткүч 17ни түздү.

17 бейтаптын 11и сүттү колдон сатып алып ичип жүрүшкөнү, бешөө шаурма, гамбургер жегени жана бирөө мал багып жүрүп жуктуруп алганы белгилүү болду.

Бруцеллез оорусу кой-эчкиден, чочкодон жана уйдан жугуп, адамдын көптөгөн органдарын жана системаларын жабыркатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG