Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

Ошто аялдардын тынчтыкты бекемдөөдөгү жана өнүгүүдөгү ролу талкууланууда


Форумдун катышуучулары.
Форумдун катышуучулары.

Ош шаарында бүгүн 3-июнда “Доор жаңырткан аял лидерлиги аркылуу өлкөнүн өнүгүшү жана тынчтыкты бекемдөө үчүн коомду бириктирүү” деген жыйын өтүүдө.

Диалог форматында өтүп жаткан иш-чараны Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдар түзүмү “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фонду менен бирге уюштурду.

Форумга ЖК депутаттары да катышууда.
Форумга ЖК депутаттары да катышууда.

Талкууга Баткен жана Лейлек райондорунун куралдуу кагылышта жабыркаган айылдарынын 30га жакын активист жана депутат аялдары, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Форумдун катышуучулары.
Форумдун катышуучулары.

Алардын баарына талкууга жана сунуштарды иштеп чыгууга активдүү катышып, өз оюн ортого салууга мүмкүнчүлүк берилет.

Талкууланып жаткан маселелер: чыр чыккан учурда чукул чара көрүүдө, гуманитардык жардам көрсөтүүдө аялдардын тажрыйбасы жана аялдардын чек арага жакын аймактардагы жаңжалдарды жѳнгѳ салуу боюнча пикир, сунуштары.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (AiA)

XS
SM
MD
LG