Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:29

Маалымат саясаты концепциясынын долбоору коомдук талкууга чыкты


Форумдагы отурум. (Сүрөт Элира Турдубаеванын социалдык баракчасынан алынды)
Форумдагы отурум. (Сүрөт Элира Турдубаеванын социалдык баракчасынан алынды)

Бишкекте 3-июнда “Маалымат саясатынын концепциясын иштеп чыгуу: мамлекет менен медианын диалогу” аттуу медиа форум болуп өттү.

Иш чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана “Медиа Диалог” долбоору уюштуруп, Европа Биримдиги каржыланды.

Анда маданият министр Кайрат Иманалиев маалымат саясатынын жаңы концепциясы даярдалганын, коомдук талкууга коюлганын билдирди.

Бул концепция 2021-2025-жылдарга карата түзүлгөн. Анда көз карандысыз медиа секторду өнүктүрүү, сөз эркиндигин, пикирлердин ар түрдүүлүгүн коргоо шарттары иштелип чыккан.

Концепция http://kyrgyz.media/ сайтына жайгаштырылып, сунуш-пикирлерди kyrgyzmediakit@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсө болот. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG