Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:08

Ташиев Чоң-Алайда чек арага жакын жашагандар менен жолугушту


Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.
Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.

Ош облусунда, Чоң-Алайдын Унжу-Булак жергесиндеги кыргыз-тажик чек арасы тактала элек болгонуна карабастан тажик тарап ал жерди өздөштүрүүгө аракет кылып жатат. Бул тууралуу 4-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев окуя болгон жерге барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушууда айтты:

“Унжу-Булак, бул жердеги 1100 гектар жер боюнча… Бул тактала элек, аныктала элек жер. Булар 1924, 1989-жылдагы карталар боюнча тийиштүү деп эсептешет. Бирок биз аны бүгүнкүгө чейин тааныбай келебиз тактала элек жер экенин айтып. Такталган өзүбүздүн аймакка пост койгонбуз. Тигилердин постунан бери жагы тактала элек болуп жатат. Бирок булар акыркы маалда тактала элек жерлерге кирип, өздөштүргөнгө аракет кылып жатышат”.

УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 4-июнда саат түнкү 3тө Тажикстан тарап Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр бери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган. Бир нече сааттан кийин алар орноткон контейнерин калтырып, өзү тарапка кайра 600 метр ары кайтышкан. Саат 14кө карата абал туруктуу экени кабарланды.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканын билдирди.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG